Flag of Kyrgyz Republic

Жаңылыктар

Тил: English | Kyrgyz

Speeches Shim

Буга чейин Чүй облусунун үч районунда калкты эмдөө боюнча USAIDдин колдоосу менен жүргүзүлгөн иш-аракеттердин аркасы менен эмдөө деңгээлин 8 пайызга жогорулатууга мүмкүндүк берген.
11-11-2022

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID), КР Саламаттыкты сактоо министрлиги жана КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Баткен, Жалал-Абад, Чүй облустарында жана Бишкекте эмдөөнүн көлөмүн жогорулатуу боюнча иш алып барышат. Иш-чаралар саламаттыкты сактоо тармагындагы адистерди окутууну, жергиликтүү активисттерди тартууну жана COVID-19 вакцинациясынын артыкчылыктары жөнүндө маалымат таратууну камтыйт. Бул иш-чаралар 10-ноябрда өткөн COVID-19га каршы аракеттерине арналган өнөктөштүк жыйындын негизги темасы болду.

 Бул - Кыргызстандагы аялдар менен балдардын тамактануусунун абалы боюнча алгачкы ири масштабдагы изилдөө болуп саналат.
03-11-2022

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги ЮНИСЕФ, Азык-түлүк жана айыл чарба уюму, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, ДСУ, USDA, Мерсико жана USAID Кыргыз Республикасындагы микроэлементтер менен антропометрияны улуттук комплекстүү изилдөөнүн жыйынтыгын тааныштырды. Бул - Кыргызстандагы аялдар менен балдардын тамактануусунун абалы боюнча алгачкы ири масштабдагы изилдөө болуп саналат. Жалпысынан бардык аймактардан 3 452 үй чарбасы камтылды.

27-10-2022

2022-жылдын 27-октябрында USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун алкагында «Аракет сөзсүз акталат!» аттуу жарандык катышуу конференция өттү. Конференцияда өлкөнүн өнүгүшүндө жарандык катышуунун маанилүү ролу баса белгиленип, жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүдө активдүү жарандар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жеке ишкерлер биргелешип иш алып барган учурларга көңүл бөлүндү.

USAID тарабынан бөлүнгөн каржылоо Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы азык-түлүк сактоо жайларын жана логистикалык базаларды куруу аркылуу маанилүү айыл чарба продукцияларын сактоону жакшыртууга багытталат.
18-10-2022

Бул каржылоо 47ден ашык өлкө жана эл аралык уюмдар үчүн азык-түлүктүн, жер семирткичтердин жана күйүүчү майдын кымбатташынын натыйжасында жакырчылыктын, ачарчылыктын жана жетишсиз тамактануунун алдын алуу үчүн бөлүнгөн 2,76 млрд долларлык каражаттын алкагында берилип жатат.

 USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосу менен алар Бурана айылында көчө жарыктарын орнотуп, Дөң-Арык айылында жаңы балдардын оюн аянтчасын куруп беришти.
14-10-2022

Чүй облусунун Бурана айыл аймагынын жигердүү тургундары өз жамааттарындагы орчундуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн биригишти. USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосу менен алар Бурана айылында көчө жарыктарын орнотуп, Дөң-Арык айылында жаңы балдардын оюн аянтчасын куруп беришти.

Pages

Last updated: November 15, 2022

Share This Page